Саламатсызбы! Менин кызымдын гражданствосу РФ, озум КР. Кантип кызым аркылуу граждансто РФ алсам болот? Азыркы учурда Санкт-Петербург шаарындабыз.

Саламатсызбы! Эгерде сиздин кызыңыз Россияда туруктуу каттоодон өтсө, анда Жашап турууга (ВНЖ) тапшырууга укугуңуз бар. Бул үчүн, Сиз Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтердин тизмеси менен кайрылышыңыз керек: 1. №1 же 2 тиркемесине ылайык жашап турууга уруксат берүү үчүн арыздын эки нускасы. 2. Өзүңүздүң төрт сүрөтүңүз. Жарандыгы жок адамдар эки сүрөт көрсөтөт. 3. Арыз ээсин күбөлөндүргөн документ. 4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк. 5. Чет элдик жарандын Россия Федерациясында өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн (жумушка жараксыз чет элдик жарандардан башка) мамлекеттен жардам сурабай, тийиштүү жашоо шарттары менен камсыздай ала тургандыгын ырастаган документ. 6. Чет элдик жарандын Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган, бирдиктүү мамлекеттик кыймылсыз мүлк регистринде катталган укуктардын негизинде турак жайга ээ экендигин ырастаган документ,- чет элдик жаран тарабынан жашап турууга арыз берген учурда Россия Федерациясына кирген күндөн тартып үч жылдан кийин уруксат берилет . 7. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн федералдык аткаруу бийлиги тарабынан бекитилген тизмеге, арыз ээсинин айланасындагыларга коркунуч туудурган баңгилик менен жана жугуштуу оорулар менен оорубай тургандыгын ырастаган документтер жана ошондой эле адамдын иммундук жетишсиздигин (ВИЧ инфекциясы) пайда кылган оорунун жоктугу тууралуу сертификат. 8. Чет элдик жарандын орус тилин, Россиянын тарыхын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негиздерин билгендигин ырастаган документ. 9. Соттолбогондугун тастыктаган документ же эгерде арыз ээси соттолгон болсо, кылмыш жөнүндө маалыматты камтыган документ. Он төрт жашка толгон чет өлкөлүк жаран тарабынан көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн документ виза талап кылбаган жол менен Россия Федерациясына келген чет өлкөлүк жаран тарабынан көрсөтүлбөйт. Кеңири маалыматтар менен төмөнкү тиркемелер аркылуу тааныша аласыздар: https://xn--b1aew.xn--p1ai/Deljatelnost/emvd/guvm/%D0%B2%D1%8B%D0%B4%D0%B0%D1%87%D0%B0-%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B0-%D0%BD%D0%B0-%D0%B6%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BB%D1%8C%D1%81%D1%82%D0%B2%D0%BE Ошондой эле, кененирээк маалымат алуу үчүн Сиз 88005557171 түз байланыш номерине чалсаңыз болот: (Россия боюнча чалуулар акысыз), Сизди адистер менен байланыштырып беришет. Урматыбыз менен Сиздердин “МКК М Булак” ЖЧКсы