асалому алейкум мени 2021- жылы кармап регистрациям базадан чыкпай калып 6 айдан кийин сот болгон 327.3 менен сотто 15 штраф салышты толоп чегини корсотуп кой дешти бирок толоюн деп барсам базада жок ошол бойдон калды кирди чыкты кылдым журом азыр эмне кы

Саламатсызбы. Россиянын аймагына кирүүдөн мурун, сизге карата Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган же жок экенин такташыңыз керек. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча расмий сайтына бул шилтеме аркылуу кирип биле аласыз : http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000 . Же болбосо өз аймагыңыздагы миграция маселелери боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө жазуу жүзүндө кайрылыңыз. Административдик айыпка келсек, бул маселе боюнча сиз РФ аймагына киргенден кийин УФСППга жеке кайрылышыңыз керек же административдик айып төлөөнүн чоо-жайын көрсөтүү өтүнүчү менен суроо-талап жөнөтүңүз (кошумча паспортуңуздун көчүрмөсүн жана соттун чечими) УФСПП расмий сайты аркылуу, же почта аркылуу кат жөнөтсөңүз да болот. Урматтоо менен, Сиздин ООО "МКК М Булак".